Симпозиумдун негизги темалары:

  • Евразия көчмөн элдеринин салттуу спорт оюндарынын калыптанууcу жана өнүгүүсү
  • Евразия көчмөн элдеринин аскердик түзүлүшү жана спорт оюндарынын генезиси
  • Көчмөн элдердин этно-спорттук оюндарынын өнүгүшүндө этно-педагогиканын ролу
  • Көчмөн элдердин дене-тарбия жана спорттук оюндарынын өнүгүшүндө элдик медицинанын ролу
  • Евразия калктарынын маданиятындагы көчмөн оюндарынын чагылдырылышы
  • Евразия калктарынын жазма булактарында, фольклорунда жана адабиятында салттуу спорт оюндарынын чагылдырылышы
  • Орто Азия жана Кавказдагы эгемендүү түрк мамлекеттериндеги этно-спорт оюндарынын кайра жаралуусу
  • Салттуу оюн жана спорттордун этимологиясы – терминологиясы, ритуалдары, өнүгүшү, улуттук өзгөчөлүктөрү, маданий маанилери жана милдеттери.

Симпозиумга катышуу эрежелери:

Симпозиумдун темасына кызыккан бардык окумуштуулар жана изилдөөчүлөр үчүн эшик ачык. Симпозиумда катышуучудан эч кандай төлөм талап кылынбайт. Өлкөнүн ичинен жана башка чет жактан келүүчүлөрдүн жеке чыгымдарын симпозиумдун уюштуруу комитети каржылабайт.

Симпозиумдун жумушчу тилдери: кыргыз, түрк, орус жана англис.

Симпозиумга тиешелүү маанилүү күндөр:

Баяндамалардын тезистерин жиберүүнүн акыркы күнү

20/10-20/11/2020-ж.

Кабыл алынган тезистерди маалымдоо күнү

16-18 / 11/2020-ж.

Симпозиумдун программасын жарыялоо

26 / 11/ 2020-ж.

Симпозиум өткөрүү күндөрү

29-30 / 11/ 2020-ж.

 

Тезистер:

  1. Тезистер баяндама окулуучу тилде жана англис тилинде жөнөтүлүшү керек.
  2. Тезисте катарынан баяндаманын темасы, автордун аты-жөнү, 150 сөздөн турган кыскача мазмуну жана анын аягында ачкыч сөздөр берилиши керек.
  3. Тезис менен бирге төмөндөгү Симозиумга катталуу формасы толтурулуп жөнөтүлүшү абзел.

 

Илимий баяндаманы (макаланы) даярдоо эрежеси:

  1. Баяндаманын (макаланын)темасы кою боёлгон баш тамгалар менен сап ортосунда берилет.
  2. Андан кийин бир интервал менен оң бурчунда автордун (авторлордун) тегаты жана аты жазылып, автордун аты-жөнүнүн акырында* белгиси менен шилтеме жасоо аркылуу, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, байырлаган шаары (кыштагы), электрондук дареги жазылат.
  3. Жогорудагылар жазылгандан кийин 10 пт. шрифт менен тезис баяндама сунулчу тилде жана англис тилинде берилүүгө тийиш. Тезистердин соңунда ачкыч сөздөр (багытоочу сөздөр) жазылат.
  4. Баяндаманын тексти Cambria менен жазылып, ариптердин өлчөмү 11пт. менен жазылуусу шарт.
  5. Барак бетинин калыбы – А4 (21x29.7см). Жээктери: жогорку, астыңкы – 2,5 см, сол жагы – 2,5 см, оң жагы – 2,5 см. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара; абзацтын алгачкы сабындагы оңго чегинүү өлчөмү - 0,75 см. Сөз ташууга жол берилбейт. Текст кеңдиги боюнча түздөлөт.
  6. Шилтеме тексттин ичинде берилүүгө тийиш (Буйар, 2014: 33 (= Фамилия, жыл: бет)); текстке терең түшүндүрмөлөр бериле турган болсо, шилтемелерди тексттин соңунда берүүгө болот.
  7. Колдонулган адабияттар фамилиясына жараша берилүүгө тийиш (Фамилиясы, Аты, Китептин аты,«макала» болсо тырмакча ичинде, Басмакана аты, жери жылы).
  8. Таблица, графика жана сүрөттөр өзүнчө номерленип, бардыгынын алдында түшүндүрмөлөрү менен берилиши керек.
  9. Макалалардын көлөмү эн аз 4 эн коп 15 беттен ашпоосу керек.

Регламент:бир баяндамага 10 мүнөт берилет.

 

Байланыш:

Кыргыз-Түрк “Манас” университети,

Жал кичирайонундагы «Чыңгыз Айтматов»кампусу,

720044, Бишкек,Кыргызстан

 

Электорондук адрес: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Web: www.ugo2020.manas.edu.kg